Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда иш сапар менен Түркмөнстанга барды.
Өлкө башчыны Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.
Президенттин администрациясы билдиргендей, мамлекет башчысы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Жолугушууларда аймактык кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана транспорттук байланыштар, энергетика, экология жана КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланат.