Кечээ, 7-октябрда социалдык тармакта жаран эски жана жаңы китептердин айырмасы тууралуу нааразычылыгын билдирип, видео бөлүштү. Ал эски китептер жараксыз деп айтылганын, бирок жаңы китептердин мазмуну мурдагы китептерден айырмаланбай турганын белгиледи.
"Билим берүү министрлиги эмне кылып жатат? Бул бизнес болуп жатабы? Беш баласы барлар кантет?",- деген суроолор менен кайрылды автор.
Ошондой эле видеодо ал эки китепти салыштырып, алардын сырткы көрүнүшү гана айырмаланарын, ал эми ичиндеги маалыматтар окшош экенин көрсөттү.