Биз социалдык тармакта

Манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылышы өтөт

13-октябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө алп манасчынын улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана "Манас" эпосун даңазалоого сиңирген эмгеги белгиленип, анын мурасы эскерилет.

Бул салтанаттуу ачылыш аземине белгилүү маданият жана искусство өкүлдөрү, төкмө акындар, манасчылар, коомдук ишмерлер жана өнөр сүйүүчүлөр катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан