
Камбар-Ата-2 ГЭСинде пландуу оңдоо жана диагностикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул боюнча "Электр станциялары" ААКсы маалымдады.
Бул иштер жабдуулардын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
Учурда төмөнкү иштер аткарылууда:
- ГA-1 гидроагрегатында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө;
- Т-1 күч трансформатору оңдоодон өткөрүлүүдө;
- 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн жабдууларын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө;
- В-1 суу өткөргүчүнүн компенсаторунун тыгыздоочу манжетасы орнотулууда;
- "ЭКРА" НПП ЖЧКсы подряддык уюму менен биргеликте Г-1 гидроагрегатынын "ЭКРА" коргоо жана автоматика терминалдарына диагностика жүргүзүлүүдө.