Жаратылыш министрлигине караштуу Токой кызматына 55 даана компьютер, принтер комплекти, 559 даана планшет жана дрон сатып алынды.
Мекеме 8-октябрда билдиргендей, планшеттер жана дрондор тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон токой аймактарында иштеген кызматкерлерге берилди.
Ал эми атайын техникалар токой кызматынын мобилдүүлүгүн жана ишинин ыкчамдыгын жогорулатат.
Мындан тышкары Токой кызматынын атайын эсебинен 1 даана JAC үлгүсүндөгү автоунаа, Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 1 даана экскаватор, 1 даана JAC T9 пикабы сатып алынды.
JAC үлгүсүндөгү автоунаа, экскаватор, JAC T9 пикабы тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда рейддик иш-чараларды өткөрүү, токой кайтаруу кызматкерлерин ыкчам жеткирүү, ошондой эле өрткө каршы, көчөт отургузуу жана башка зарыл шаймандарды ташуу үчүн пайдаланылат.