Биз социалдык тармакта

Wildberries Өзбекстанда ири логистикалык комплекс курат

Wildberries компаниясы Өзбекстандын Ташкент облусунда ири логистикалык комплекс курат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигине таянып билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлик менен Wildberries компаниясы тиешелүү инвестициялык келишимге 6-октябрда кол койгон. Долбоорду 2027-2028-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Комплекстин аянты 180 миң чарчы метрди түзүп, ага 140 миллион доллар инвестиция салынары күтүлүүдө.

Жыйындын жыйынтыгында жалпысынан 4 келишимге кол коюлган. Алардын арасында Фергана жана Омск облустарынын, Сурхандарыя облусу менен Красноярск крайынын, ошондой эле Наманган облусу менен Дагестандын ортосундагы аймактар аралык кызматташтык боюнча келишимдер бар.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын июль айында Орусияда Wildberries компаниясынын бир нече логистикалык объектилерине чабуулдар жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан