Биз социалдык тармакта

Бишкекте курулуш аянтында инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү  

Бишкек шаарындагы Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 22 кабаттуу бизнес-борбордун курулуш аянтында инженердик-геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги 8-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, адистер тарабынан 25-30 метр тереңдикке чейин бургулоо иштери жүргүзүлүп, топурактын талаа шартындагы физикалык-механикалык касиеттери каралды.

Ошондой эле топурактын көтөрүмдүүлүгүн жана туруштук берүү жөндөмүн аныктоо максатында штамптык сыноо өткөрүлдү.

Аталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы топурактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен имараттын пайдубалын жана негизин эсептөөдө, ошондой эле долбоордук чечимдерди иштеп чыгууда колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан