Германиялык турист кыз тоодо бейтааныш киши курбусу экөөнү тынчын алганын айтып чыкты. Тиешелүү видео социалдык тармактарда тарады.
Анда чоочун киши туристтерден күйөөлөрүнүн бар-жогу тууралуу суроолорду берип, кетпей отуруп алганы айтылган.
Бейтааныш киши кыздар телефондун камерасына тартып баштаганда кетип калган.
Ички иштер министрлиги аталган факт боюнча териштирүү иштери дайындалганын билдирди. Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.