Түркияда 20 жылга жакын убакыттан бери касташып келген "Шахинлер" жана "Сараллар" мафиялык топторунун лидерлери элдешип, бир жерге топтолгону боюнча чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, элдешүүгө өлкөнүн Улутчул кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели ортомчулук кылган. "Шахинлер" тобунун лидери Седат Шахин менен "Сараллардын" лидери Бурханеддин Сарал эл алдында кол алышкан. Аземге 4 миңден ашык адам катышкан.
Белгилей кетсек, бир ай мурун Түркия полициясы Седат Шахинге кол салуу даярдалып жатканын аныктаган. Аны уюштурууга "Сараллар" тобунун өкүлдөрү катышкан болушу мүмкүн экени айтылган.