Биз социалдык тармакта

Парижде мэр митингге чыккан окуучуларды полициядан калкалады (видео)

Париждин Сен-Дени шаарынын мэри Балли Багайоко полиция менен митингге чыккан окуучулардын ортосунда туруп, өспүрүмдөрдү калкалаганы тартылган видео социалдык тармактарда тарады.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, окуя 6-октябрда окуучулардын нааразычылык акциясы учурунда болгон. Мэр полиция кызматкерлерине күч колдонууну токтотуу керектигин айтып, окуучуларды коргоп турду.

Чыр-чатак учурунда Багайокого көздөн жаш агызуучу газ тийген. Кийин окуучулар мэрдин көзүнө дары куюп жууп, жардам беришкен.

"Митингге чыккан окуучулар менин балдарым болушу мүмкүн. Мэр катары менин милдетим алардын жанында болуп, коргоо",- деген Багайоко.

Эскерте кетсек, акыркы аптада Францияда окуучулар нааразычылыктарын билдирип митинг өткөрүп жатышат. Акция учурунда окуучулар менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда тирешүү орун алууда.

Парижде мэр митингге чыккан окуучуларды полициядан калкалады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан