Өлкөдө алма импортуна 6 айга чектөө киргизүү сунушталууда.
Айыл чарба министрлиги 8-октябрда билдиргендей, учурда тиешелүү токтомдун долбоору даярдалып жатат.
Быйыл Кыргызстанда болжол менен 179,4 миң тонна алма өндүрүлүшү күтүлүүдө. Республика боюнча мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.
Демилгенин негизги максаты – 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында сатууга жана продукциянын мүмкүн болгон жоготууларын азайтууга шарт түзүү.