Бүгүн, 8-октябрда Ош облусунун Алай районунан сейрек кездешүүчү чоң үкү табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, чоң үкү Күн-Элек айылынын тургуну Коргонбай уулу Хамзанын үйүнүн жанына келип конгон. Ал канаттууну адистерге өткөрүп берген.
Текшерүүдө чоң үкүнүн денесинде жаракат жок экени жана абалы канааттандырарлык экени аныкталды. Андан соң канаттуу табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилди.