УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына жооп берди.
Ташиев аны үй камагына өзүнүн суранычы менен чыгарганын белгиледи.
"Акунбековдун УКМКда бир нече факт боюнча материалдары болгон. Акунбеков мурдагы республикалык салык кызматынын жетекчилеринин бири менен бизнес өнөктөш болуп келген. Негизги кылмыш ишине келсек, мурда өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, Кыргызстанга алып келинген жер семирткичтер эгер дыйкандарга сатылса, алардан бажы төлөмү алынбайт эле.
Эрлист Акунбеков жер семирткичтерди он миңдеген тонна көлөмдө алып келип, “дыйкандарга саттым" деп жасалма документтерди толтурган. Бирок иш жүзүндө ошол жер семирткичтерди кен казуучу жана башка ири ишканаларга коммерциялык баада сатып жүргөнү тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Муну менен ага мамлекетке төлөнүүгө тийиш болгон ири көлөмдөгү төлөмдөрдөн качуу аракети болгон деген негизде иш козголгон. Салык жана Бажы кызматтары бул процесстерди кантип өткөрүп жиберишкени да өзүнчө иликтөөгө алынган.
УКМКнын тергөөчүлөрү документтерди көтөрүп чыгып, Финансы министрлигинин, Салык кызматынын жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгышкан. Алдын ала эсеп боюнча, зыяндын көлөмү 3 миллиард сомдун тегерегинде болгон.
Мен Акунбеков "ооруп жатам" деп арыз бергенден кийин аны үй камагына чыгаргам. Андан кийинки тергөөнүн жүрүшү тууралуу мен комментарий бере албайм. Бардык материалдар тергөө кызматында бар. Ошол ишти жүргүзгөн кызматкерлердин айрымдары азыр да ошол эле жерде иштеп жатышат. Бир нерсени так айтамын, Акунбековду эч ким буйрутма менен камаган эмес. Ал конкреттүү кылмыш ишинин алкагында кармалган",- деп айтылат анын комментарийинде.
Буга чейин Акунбеков күнөөсүз камалганын айтып, ал учурду "таш заман" болгон деп
сыпаттаган.