Биз социалдык тармакта

10-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чектөө Ала-Тоо аянтына жакын төмөнкү кесилиштерде киргизилет:

  • Чүй проспекти – Эркиндик бульвары;
  • Чүй проспекти – Панфилов көчөсү;
  • Панфилов – Пушкин көчөлөрү;
  • Панфилов – Абдумомунов көчөлөрү;
  • Фрунзе – Орозбеков көчөлөрү;
  • Фрунзе – Раззаков көчөлөрү;
  • Эркиндик бульвары – Абдумомунов көчөсү.

Мекеме айдоочуларга каттамын алдын ала пландап, башка жолдорду пайдалануу сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан