Агартуу министрлиги 8-октябрда Баткен облусундагы авариялык абалдагы мектептер боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, 3-сентябрда министрлик авариялык абалдагы жана курулуш иштерин биринчи кезекте жүргүзүүгө муктаж болгон мектептердин тизмесин Курулуш министрлигинин кароосуна сунуштаган.
Аталган тизмеге төмөнкү мектептер кирген:
- Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Андархам айылындагы Бабаханов атындагы орто мектеп;
- Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш айылындагы Жеңиш жалпы билим берүү мектеби;
- Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Чет-Кызыл айылындагы Момунов атындагы орто мектеп.
Мындан тышкары, 23-сентябрда аталган мектептерди 2027-жылга карата "Капиталдык салымдар" беренесинин эсебинен каржылануучу объекттердин титулдук тизмесине киргизүү маселеси боюнча тиешелүү сунуштар жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Жеңиш айылындагы Жеңиш жалпы билим берүү мектеби жана Чет-Кызыл айылындагы Момунов атындагы орто мектеп авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген.
Учурда аталган мектептер тууралуу маселе каралууда.