Ливияда өткөн эл аралык Куран жана тафсир (куран аяттарын түшүндүрүп чечмелөө) мелдешинде кыргызстандык Мухаммад Али Умаров 3-орунду ээледи. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка караганда, мелдешке 80ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
"Аллах Тааланын жардамы, ата-энебиздин ак батасы жана сиздердин дубаңыздар менен дагы бир жолу ушундай чоң дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликке жетүү бактысы буюрду",- деп жазды Умаров.