Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Ош шаарынын 3026 жылдык мааракесин уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү салым кошкон жарандарга Ыраазычылык каттарын тапшырды.
Шаар башчысы өз сөзүндө бул жолку майрамдык иш-чара өзгөчө даярдык менен, жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи.
Акаев иш-чаранын артында турган уюштуруу топторунун, кызматкерлердин чын дилинен жана жоопкерчилик менен жасаган эмгегин жогору баалады. Мындан сырткары, мэр тийиштүү кызматтарга шаарда алдыда өтүүчү бардык мааракелик жана расмий иш-чараларды мындан ары да дал ушундай бийик стандартта уюштуруу тапшырмасын берди.
Эске салсак, быйыл Ош шаарынын күнү 5-октябрда Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо өткөн.
Шаардыктардын жана коноктордун маанайын көтөрүш үчүн Борбор Азияга таанымал эстрада жылдыздары чакырылып, алардын катышуусунда концерттик программа тартууланган.