Биз социалдык тармакта

Экономика министринин орун басары Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 8-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана аталган банктын өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда Туманов тараптардын мындан аркы кызматташуусунун негизги багыттарын белгиледи.
"Көп жылдык кызматташтык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт. Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүштү колдоого багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда жана иштелип чыгууда.
Туманов министрлик менен банктын жетекчилигинин ортосунда үзгүлтүксүз түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз ара аракеттенүүнүн мындай форматы келип чыккан маселелерди ыкчам кароого, биргелешкен чечимдерди табууга жана кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого шарт түзөт",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан