Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө Москвадан Бишкекке жөнөтүлгөн таңгакты алган 2 жаран кармалды. Таңгакты текшерүү учурунда балык уулоого арналган жемдер салынган идиштен 479 таблетка табылган. Алардын курамында MDMA психотроптук заты аныкталган.
Мындан тышкары, дагы 20 түйүнчөк зат табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.