Бүгүн, 8-октябрда Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамалекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын "Жамийла" спектакли Астана шаарында өткөн "ТеатрАLL" эл аралык театр фестивалында II орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият маалымат жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган спектакль "Мыкты актёрдук ансамбль" номинациясында II орунга татыктуу болуп, 800 миң теңге өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болгон.
Быйыл фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан жалпысынан 16 спектакль катышып, көрүүчүлөргө аталган өлкөлөрдүн чыгармачылык эмгектери тартууланган.
Ошондой эле министрлик театрдын чыгармачыл жамаатын эл аралык фестивалдагы ийгилиги менен куттуктап, мындан аркы ишине чыгармачылык өсүш каалады.