Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда тартылган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Аны 7-октябрда эркин журналист Али Эргешев тараткан.
Анда мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкер мамлекеттик тилди билбей тургандыгын түшүндүрүп, жетекчиси жок экендигин айткан. Интернет желесине тараган видео ар тараптуу талкууга түшүп, тил маселеси кайрадан көңүл чордонуна айланды.