Индиянын Лакхнау шаарында аэропортко конууга жакындаган учакка чагылган тийди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, кырсык кечээ, 7-октябрда катталып, учакта 104 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон. Чагылгандан учактын алдыңкы бөлүгү жабыркаган. Ал жерде аба ырайын аныктоочу радар жайгашкан.
Буга карабастан, учкучтар учакты ийгиликтүү кондурушкан. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.
Учак текшерүү жана оңдоо үчүн убактылуу каттамдан чыгарылган.