Биз социалдык тармакта

№1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды

7-октябрда Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы бөлүмдүн курулушу жана жабдылышы "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган.

Төрт кабаттуу корпустун жалпы аянты 1530 чарчы метрди түзөт. Долбоордун жалпы сметалык наркы 80 миллион сом болгон.

Жаңы бөлүмдө терапиялык багыттагы бейтаптарды диагностикалоо, дарылоо жана медициналык көзөмөлдөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Имараттын жер төлөсүндө гематология, биохимия жана ИФА багытындагы лаборатория, кир жуучу жана техникалык бөлмөлөр жайгашкан. Ошондой эле тамактануу, кирлерди сактоо, жуу, үтүктөө жана кургатуу үчүн бөлмөлөр каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан