Биз социалдык тармакта

ТүркПАнын кийинки комиссиялык жыйыны Кыргызстанда өтөт

Бүгүн, 8-октябрда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 13-жыйыны онлайн форматта өттү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Карыбек уулу жана Гүлай Машрапова катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында ТүркПАга мүчө мамлекеттердин аймагында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү маселеси талкууланды.

Комиссиянын төрагасы Улукбек Карыбек уулу маалымат алмашуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү, ишенимдүү маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кызматташуунун укуктук негиздерин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Гүлай Машрапова болсо санариптик технологиялардын жана социалдык тармактардын өнүгүшү маалымат таратуу ыкмаларын өзгөрткөнүн айтып, мамлекеттер арасында түз байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү маанилүү экенин билдирди.

Мындан тышкары, жыйында балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо боюнча моделдик мыйзамдын долбоору жана комиссиянын отчету каралды.

Жыйынтыгында тиешелүү сунуштамалар кабыл алынып, комиссиянын кийинки жыйынын 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан