
Манас шаарынын күнү 5-ноябрда белгиленет. Бул тууралуу калаа мэриясы жарыя таратты.
Быйыл жергиликтүү бюджеттен шаар күнүн өткөрүүгө 4 миллион сом каралган.
Белгилей кетсек, шаар күнүнүн 5-ноябрга жылдырылышы быйылкы жылга гана тиешелүү. Кийинки жылдарда Манас шаарынын күнү адаттагыдай эле 27-сентябрда өткөрүлөт.
Учурда тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө.