Бүгүн, 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев менен бир иштин алкагында соттолгон башка айыпталуучуларга да өкүм чыгарды.
Соттун чечими боюнча Абдурахим Абдрахманов Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси, 41-беренесинин 3-бөлүгү жана 326-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жыйынтыгында 8 жылга эркинен ажыратылды. Анын мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү боюнча иш токтотулду.
Серикбай Кабыланбек Казакстандын жараны. Ал 1 жыл 9 айга эркинен ажыратылган. Сот залында жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу камактан бошотулду. Мындан тышкары, аны Кыргызстандан чыгаруу чечими кабыл алынды.
Эрмек Эрматов 2 жылга эркинен ажыратылганы менен, ага пробациялык көзөмөл колдонулуп, сот залынан бошотулду.
Ал эми Кубанычбек Кадыров толугу менен акталды. Сот анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген тыянакка келди.
Белгилей кетсек, бул иш боюнча бүгүн Султанбеков 7 жылга, ал эми Атамбаев 4 жылга эркинен ажыратылды.