Биз социалдык тармакта

Ошто коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган жаңы борбор ачылды

Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордо өзгөчө кырдаалдар учурунда керектүү материалдык запастарды сактоо жана кризистик кырдаалдарда координациялык иштерди жүргүзүү каралган. Зарыл учурда ал жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары да пайдаланылат.

Мындан тышкары, борбордо жергиликтүү тургундар үчүн окуу-тренингдерди, жолугушууларды, спорттук жана социалдык иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлгөн. Балдар жана жаштар үчүн да ар кандай иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк бар.

Борбор Европа Биримдиги каржылаган Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек ара аймактарын өнүктүрүү демилгесинин алкагында курулган. Долбоор Ага Хан Фонду тарабынан тиешелүү өнүктүрүү программасы аркылуу ишке ашырылган.

Борбордун ачылышы жергиликтүү калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту бекемдөөгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан