Биз социалдык тармакта

Ошто 18 жыл мурда ВИЧ жуктурган балдардын ата-энелери жардам сурашууда  

Ош облусунда 18 жыл мурда ВИЧ инфекциясын жуктурган ымыркайлар бүгүн бойго жеткен кыз-жигиттер болушту. Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ВИЧ инфекциясын жуктурган балдардын тагдыры оор болгон. Алардын айрымдары каза болуп калган.

“Мындан 18 жыл мурун Ош облусунда ВИЧ жугузуп алган ымыркайлар бүгүн бойго жеткен кыз-жигиттер болушту. Бирок алардын тагдыры талкаланган. Бир канчасы дүйнөдөн өтүп кетти”, - деди депутат.

Ошол эле учурда алардын ата-энелери мамлекеттен жардам сурап жатышканын белгиледи. Алар жөлөк пулдарды көбөйтүп, ипотека аркылуу үй алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан