Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аш фестивалына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге мамлекеттердин улуттук ашканасы, каада-салты жана маданий мурастары менен таанышты.
Фестивалда Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын улуттук тамактары, кийимдери жана музыкалык чыгармалары тартууланды.