Биз социалдык тармакта

Миң-Куш көчөсүндөгү 15 батирлүү үй мыйзамдаштырылды

Бишкектеги Миң-Куш көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан 15 батирлүү турак үйдүн маселеси чечилип, объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-октябрда Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов үйдүн жашоочулары менен жолугуп, тиешелүү документти тапшырышкан.

Тургундар курулуш иштери толук аяктабай калгандыктан, батирлерин өз атына каттатып, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болуп келишкен.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер көйгөйлүү курулуштарды мыйзамдаштырып, жарандардын укуктарын камсыз кылууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан