Ош шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында эскилиги жеткен жол белгилери алмаштырылып, айрым жерлерге кошумча белгилер орнотулууда.
Ошондой эле шаар көчөлөрүндөгү жол сызыктары, анын ичинде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр жаңыланып, кайрадан чийилип жатат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, иштер айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.