Биз социалдык тармакта

“Сен бул сүйүүгө татыктуусуң”. Мессинин жубайы жолдошуна кайрылды

Аргентинанын футбол боюнча улуттук курамасынын капитаны Лионель Мессинин жубайы Антонелла Рокуццо күйөөсүнүн курамадагы акыркы оюнунан кийин ага арналган билдирүүсүн жарыялады.

Ал социалдык тармактагы баракчасына Мессинин күйөрмандарынын курчоосунда турган сүрөтүн жүктөп, сезимдери менен бөлүшкөн.

“Кээ бир түндөр бүтүндөй бир өмүрдү билдирет. Өткөн түн ошондой түндөрдүн бири болду. Сени ушунча жыл бою берген нерселериң үчүн ыраазычылык билдирген адамдардын жана мынчалык сүйүүнүн курчоосунда көрүү кандай сонун.

Сен бул сүйүүгө татыктуусуң. Сен аны мүнөзүң, жөнөкөйлүгүң, берилгендигиң жана бул футболка үчүн ар дайым арнаган жүрөгүң менен жараттың.

Бул жолду сенин жаныңда басып өткөнүм - мен үчүн чоң сыймык”, - деп жазган Антонелла.

Белгилей кетсек, Месси Аргентинанын курамасында көп жылдардан бери чыгып келет. Коштошуу беттешинде футболчуну күйөрмандары жана командалаштары узатышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан