Биз социалдык тармакта

“Алтын топ” үчүн күрөш: Кейн менен Ямаль негизги фавориттердин катарында

2026-жылдагы “Алтын топ” сыйлыгы үчүн негизги атаандаштар катары Англиянын чабуулчусу Гарри Кейн жана Испаниянын жаш жылдызы Ламин Ямаль аталууда.

Букмекерлердин акыркы котировкаларында Кейн менен Ямаль алдыда келе жатат. Айрым баалоолордо Кейндин жеңиш мүмкүнчүлүгү 51 пайыз, ал эми Ямалдыкында 41 пайыз деп көрсөтүлгөн.

Кейн 2025/26 сезонунда “Бавариянын” курамында мыкты оюн көрсөтүп, командасы менен Германиянын чемпиондугун жана кубогун жеңген. Англиянын курамында да дүйнө чемпиондугунда 6 гол киргизген.

Ал эми 19 жаштагы Ламин Ямаль “Барселона” менен Ла Лиганы утуп, Испаниянын курамында дүйнө чемпиону болгон. Ал турнирде командасынын ийгилигине чоң салым кошкон.

Расмий түрдө “Алтын топко” 30 футболчу талапкер көрсөтүлгөн. Алардын арасында Килиан Мбаппе, Лионель Месси, Родри, Усман Дембеле, Винисиус Жуниор жана башка жылдыздар да бар.

Сыйлык тапшыруу аземи 26-октябрда Лондондо өтөт. Бул жылы “Алтын топ” биринчи жолу Парижден тышкары жерде тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан