Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтканын четке какты.
Министр аны абакта былтыркы жылдын 29-августунан 29-декабрына чейин отурууга мажбур кылышканын белгиледи.
"Мага салык кызматынын мурдагы жетекчисинин иши боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү" беренеси менен айып коюлган. Мени менен чогуу өлкөбүздүн алдыңкы 30дан ашык ири ишкери да болушту. Бул ишкерлердин көбү белгилүү бир суммаларды төлөп, ошол замат эркиндикке чыгышкан. Ал кезде акча төлөсөң эле коё берчү. Ал эми мен күнөөм жок болгон үчүн бекем позициямдан кайтпай, көгөрүп отурдум.
Менин нөлдөн түптөгөн бизнесимдин көбү айыл чарба тармагында болду. Жер семирткичтерди, үрөндөрдү, айыл чарба техникаларын жана ветеринардык препараттарды ташып келчүмүн. Болгону 3 пайыз бирдиктүү салык төлөнмөк. Ошондон улам 3 миллиард сом салык — бул абсурд болчу. Алар "байлыгың бар экен, ошон үчүн көбүрөөк төлөйсүң" дешти.
2026-жылдын 24-февралында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчиси тарабынан мага карата кылмыш куугунтугун, менин аракеттеримде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарылган. Мен эч качан мамлекеттик тендерлер менен алектенген эмесмин, мамлекеттен акча, мамлекеттик кредит же башка ушул сыяктуу каражаттарды алган эмесмин",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Буга чейин Акунбеков күнөөсүз камалганын айтып, ал учурду "таш заман" болгон деп
сыпаттаган. Мындан улам Ташиев билдирүү жасап, аны үй камагына өзүнүн суранычы менен чыгарганын, Акунбековдун мамлекетке келтирген зыяны 3 миллиард сомдун тегерегинде
болгонун айткан.