Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдарда 12 кабаттуу заманбап медициналык корпус куруу пландаштырылып жатканын айтты. Ал бул тууралуу кечээ, 8-октябрда "Клиникалык оорукана" мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
"Инфраструктураны кеңейтүү жана материалдык-техникалык базаны комплекстүү модернизациялоо калкка сапаттуу, өз убагында жана жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт",- деп жарыялады анын сөзүн өкмөттүн маалыматы кызматы.