Биз социалдык тармакта

Кымызды өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

Айыл чарба министрлигинде "Кыргыз кымызы" долбоорун өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, кеңешме кечээ, 8-октябрда өтүп, ага министрликтин, Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин жана "Кыргыз кымызы "Кымызфест" ассоциациясы" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышкан.

Жолугушууда бээнин сүтүн жана кымызды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатууга, кошумча нарк түзүүгө жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган "Кыргыз кымызы" долбоору тааныштырылган.

Катышуучулар долбоорду ишке ашыруунун кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айыл аймактарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн маанисин талкуулашкан. Жыйынтыгында тараптар сунушталган демилгени мындан ары иштеп чыгуу жана бээнин сүтүн кайра иштетүүнү өнүктүрүү, ошондой эле "Кыргыз кымызы" улуттук брендин илгерилетүү максатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан