АКШнын президенти Дональд Трамп Форт-Худ аскердик базасында 13 адамды өлтүргөн мурдагы аскер кызматкери Нидаль Малик Хасанды өлүм жазасына тартуу сунушун жактырды.
Чет элдик басылмалар маалымдагандай, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Хасанды атып өлтүрүү жолу менен жазалоону сунуштаган. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Шон Парнелл X социалдык тармагына жазды.
Эскерте кетсек, 2009-жылы Нидаль Малик Хасан Форт-Худ базасында кызматташтарына ок чыгарып, 13 адамды өлтүрүп, дагы 32 адамды жарадар кылган. Ал учурда аскер кызматкерлери Ооганстанга жөнөтүлүүгө даярданып жатышкан. Хасан сотто өз дининдеги адамдарды коргоону каалаганын билдирген. Ага 2013-жылы өлүм жазасы өкүмү чыгарылган.
Эгер өкүм аткарылса, АКШда 1961-жылдан бери аскер кызматкерине карата биринчи жолу өлүм жазасы колдонулат. Ал эми атып өлтүрүү жолу менен жазалоо 1945-жылдан бери биринчи жолу ишке ашат.