Франция Орусия менен ири масштабдагы куралдуу кагылышууга даяр болушу керек. Бул тууралуу кечээ, 8-октябрда өлкөнүн коргоо министри Катрин Вотрен билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, министр бул тууралуу Улуттук жыйындын коргонуу комитетинде 2027-жылга карата аскердик бюджетти талкуулоо учурунда айткан.
Анын белгилешинче, француз куралдуу күчтөрү өлкө тапшырган күнүмдүк милдеттерин аткарып, болушу мүмкүн делген Орусия менен "ири кагылышууга" да даярданышы керек.