Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэри жарандарды жаңыланган бульвар менен тааныштырды (видео)

Кечээ, 8-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эколог-активист жана активдүү жарандарга Айдарбеков көчөсүндөгү жаңыланган бульварды тааныштырды.
Мэрия маалымдагандай, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки тилкеде болжол менен 60 миң чарчы метр аймак көрктөндүрүлүп, 39,5 миң чарчы метр тротуар төшөлдү. Ошондой эле 16,2 чакырым сугат арыктары жаңыланды. Үч фонтан оңдолуп, үч ичүүчү фонтан орнотулду.
Мындан тышкары, майыптыгы бар жарандар үчүн пандустар, балдар жана воркаут аянтчалары жана иттерди сейилдетүүгө арналган атайын аянтча курулду.
Иш-чаранын алкагында мэр аймактарды натыйжалуу сугарууну камсыз кылган шлюздардын иши тууралуу маалымат берип, көчөттөр отургузулду.
Бишкектин мэри жаңыланган бульвар менен тааныштырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан