Кочкор районунун Сары-Булак айылында Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун 6-11-чакырым аралыгында жол куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 9-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Долбоордун алкагында жолдун айрым тилкелеринде жер жумуштары аткарылып, жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Буга чейин жолдун 2 чакырым аралыгына асфальт басуу иштери аткарылган.
Учурда калган 3 чакырым тилкеде жумуштар жүрүп жатат.