Биз социалдык тармакта

"Кемпир-Абад иши" боюнча акталган Суранова кенемте өндүрүү үчүн сотко кайрылды (видео)

"Кемпир-Абад иши" боюнча соттон акталган Перизат Суранова мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылганын билдирди.

Ал арызды 7-октябрда жазганын белгиледи.

"Төрт жыл мурун, октябрь айында, бир күндө 23 адам камакка алынган. Алардын бири мен болчумун. Үч жарым жылга созулган соттук процесстен кийин, быйыл 26-мартта экинчи инстанцияда биздин актоо өкүмүбүз күчүндө калды. Мен үчүн бул бузулган укуктарымды калыбына келтирүү жана мамлекеттин жоопкерчилиги жөнүндө маселе экенин белгилеп кетейин. Бул жолду аягына чейин өтүү мен үчүн чоң мааниге ээ. Бул иш сөзсүз түрдө укуктук, тарыхый жана саясий баасын алышы керек",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актаган өкүм чыгарган.
"Кемпир-Абад иши" боюнча акталган Суранова кенемте өндүрүү үчүн сотка кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан