Кыргызстанда сентябрь айында 2759 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон 9-октябрда билдиришти.
Маалыматка ылайык, 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча документтердин негизинде).
Ал эми Соцфонд быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында 39 261 пенсиялык ишти карады.
Өлкөдө пенсионерлердин саны 832 миң адамды түзөт.