Дүйнөдөгү эң көп катталуучусу бар видеоблогерлердин бири MrBeast Өзбекстандын Ташкент шаарына келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Блогер бүгүн, 9-октябрда атайын уюштурулган иш-чарага катышып, өзүнүн күйөрмандары менен жолугушат. Жолугушууда меймандар үчүн интерактивдүү оюндар, кызыктуу викториналар жана баалуу байгелер даярдалган.
Атактуу блогердин бул сапары Өзбекстандын Маданият жана искусствону өнүктүрүү фондунун жана Туризм боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулууда. Уюштуруучулар MrBeast’тин келиши өлкөнүн туристтик потенциалына жана жергиликтүү санариптик контентке эл аралык деңгээлде көңүл бурдурат деген ишеничте.