Биз социалдык тармакта

Майкл Жексондун "Триллер" клибиндеги күрмөсү аукционго коюлат (видео)

Дүйнөгө белгилүү ырчы Майкл Жексондун 1983-жылы чыккан "Триллер" клибине тартылган кара-кызыл булгаары күрмөсү Бириккен Араб Эмираттарында 7-9 декабрда өтө турган аукционго коюлат. Бул тууралуу кечээ, 8-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарга караганда, уюштуруучулар күрмө 10 миллион доллардан ашык суммага сатылат деп күтүшүүдө. 2011-жылы ырчынын ушундай эле күрмөсү 1,8 миллион долларга сатылган.

Мындан тышкары, аукциондо ырчынын башка буюмдары да сатыкка коюлары белгилүү болду. Алардын арасында "Ай басышы" (Лунная походка) бийи менен байланышкан жаркыраган кол кап бар. Анын баасы 800 миң доллар деп бааланууда.

Майкл Жексондун "Триллер" клибиндеги күрмөсү аукционго коюлат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан