
Бишкек шаарында бүгүн, 9-октябрдан тарта №57 жаңы автобус каттамы ишке кирди.
Мэрия билдиргендей, жаңы каттам Тунгуч-2 кичи району (айланма) багыты боюнча уюштурулду.
Автобустар Анкара, Ауэзов, Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспекти аркылуу жүрөт. Каттамда Yutong үлгүсүндөгү 10 автобус кызмат көрсөтөт.