Бишкекте унаа уурдоого шектелип 29 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардан 25-сентябрь күнү жоголгон Mercedes Benz E 210 үлгүсүндөгү унаа кийинчерээк Жалал-Абаддан табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражатын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.