Кечээ, 8-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын миллиардер Майкл Делл жана анын жубайы Сьюзан Делл менен түшкөн видеосу социалдык тармактарда тарап, кызуу талкуу жаратты.
Маалыматка караганда, айрым колдонуучулар 62 жаштагы Сьюзан Деллдин азыркы келбетин мурдагы сүрөттөрү менен салыштырып, таануу кыйын болуп калганын жазышкан. Башкалары аны "Марс чабуулу!" тасмасындагы келгиндерге салыштырып тамашалуу пикрлерин катырышууда.