Тоң РИИБдин башчысынын орун басары У. К.нын жубайы “МедиаХабка” кайрылып, күйөөсү 3 жылдан бери зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айтып берген.
Анын айтымында, жолдошу байма-бай зомбулук көрсөтүп, ден соолугуна залал келтирип жүргөн.
Ал эми У. К. жубайынын айткандарын четке кагып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатканын белгилеген.
Ысык-Көл облустук милициясынын 9-октябрдагы маалыматына ылайык, келин 10-августта үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча арыз менен кайрылган.
Аталган маалымат Балыкчы ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Буга удаа соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында жабырлануучу ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келбеген жеңил жаракат алганы айтылган.
Ошол эле учурда У. К. жубайына кол көтөрбөгөнүн билдирип, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна каршы экенин айткан.
"Буга байланыштуу 2026-жылдын 8-сентябрында Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Белгилей кетсек, тергөөгө чейинки текшерүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөтү аяктаган учурда комиссиялык экспертизанын корутундусу даяр боло элек болгондуктан, ошол учурдагы материалдардын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө процессуалдык чечим кабыл алынган.
Мындан тышкары, У.К.нын жүрүм-турумуна байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен ага «кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» түрүндөгү тартиптик жаза берилген", - деп айтылат милициянын маалыматында.
У. К. тарабынан коргоо ордеринин талаптарын бузгандыгы боюнча протокол түзүлүп, соттун чечими менен 40 саат коомдук жумуштарга тартылган.
Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.