Белгилүү балбан айым Айсулуу Тыныбекова жолдошу Бакберген Аттокуров менен Бирге өзү окуган Бишкектеги №42 мектептин жаңы корпусуна барды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги бүгүн, 9-октябрда билдирди.
Маалымдалгандай, аталган мектеп үч кабаттуу болуп салынган. Имараттын курулушу март айында башталып, 6-октябрда пайдаланууга берилген. Айсулуу Тыныбекова бул үчүн президентке ыраазчылыгын айтты.
"Мен окуп жүргөндө көмүр менен жылыган эски мектеп болчу. Окуучуларга жакшы шарртар түзүлүп жатканына абдан кубанып жатам. Президентибизге ыраазычылык билдирем", - деди ал.