АКШнын президенти Дональд Трамп 3-ноябрда өтө турган Конгресске шайлоого чейин Иранга чабуул жасалбай турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, Трамп Иран менен согушту токтотуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда The New York Times басылмасы АКШнын аскерлери Иранга каршы ири операцияларды кайра баштоо пландарын даярдап жатканын жазды. Алардын арасында ракеталык жана учкучсуз аппараттардын арсеналына, энергетикалык жана башка аскердик объектилерге сокку уруу каралгандыгы маалым болду.